2022-03-07


“Айым жана эмгек” фотоконкурсу жыйынтыкталды


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин студенттери арасында 8-март аялдардын эл аралык шериктештик күнүнө карата өткөрүлгөн «Айым жана эмгек» аталыштагы фотоконкурс жыйынтыкталды. Атайын түзүлгөн топ конкурска келип түшкөн фотосүрөттөрдү карап чыгып, жеңүүчүлөрдү аныкташты. Фотосүрөттөр сериясы үчүн Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Жаныл Умуралиева 1-орунга ээ болду. Ал эми 2-орунга Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Азамат Убраимов жана 3-орунга Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Мухаммет Али Гүвен ээ болушту. Жеңүүчүлөргө ыраазычылык билдиребиз жана мындан аркы чыгармачылыктарында албан албан ийгиликтерди каалайбыз.

Тандалып алынган фотосүрөттөр бардык көрүүчүлөр үчүн фойеде паного илинет.