2022-03-25


Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегине 30 жыл


Радио, Телевидение жана Киноискусство Бөлүмү тарабынан 24-март күнү Коммуникация факультетинин имаратынын 1-катында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин 30-жылдыгына  күнүнө карата иш чара уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги туура 30 жыл мурун 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому менен бекитилген. Бул датага карата Коммуникация факультенини 1-катында чакан фото көргөзмө ачылды. Буга кошумча, Кинозалда атайын даярдалган кыска фильм көрсөтүлдү. Коммуникация факультетинин деканы проф.док.Мехмет Сезаи Түрк иш чарадагы сөзүндө мамлекет үчүн, жарандар үчүн  мамлекеттин желектин маанисин баса белгилеп өттү. Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн башчысы Доц.Молдосейит Мамбетакунов ачылыш сөзүн айтты, жана келген окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдирди.