2022-04-28


«Жаштардын коомдогу окуяларга болгон көз караштары» темасында семинар


2022-жылдын 25-апрелинде Коммуникация факультетинин 318-аудиториясында RTS 1-курсунун студенттерине Азаттык Медианын журналисти жана алып баруучусу Айгерим АКЫЛБЕКОВАнын катышуусунда «Жаштардын коомдогу окуяларга болгон көз караштары» темасында семинар болуп өттү. Акыркы мезгилдерде коомубуздагы оң жана терс көрүнүштөргө жаштардын активдүү катышып жатканы баса белгиленди. Кандай кана окуялар болбосун жаштар социалдык тармактар аркылуу өздөрүнүн позицияларын так жана ачык көрсөтүп, талаптарды коюп, маселенин тез арада чечилишине көмөк көрсөтүп жатканы айтылды. Бул семинар студенттер тарабынан өтө жылуу кабыл алынып, журналистке ар кыл темада суроолор узатылды.