2022-05-13


Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчү курстагы студенттери үчүн дипломдук иштерди алдын ала жактоо күнү


Урматтуу бүтүрүүчү курстун студенттери,

дипломдук иштерди алдын ала жактоо 2-июнда саат 10:00до Коммуникация факультетинин кинозалында өткөрүлөт. Дипломдук ишти алдын ала жактоо үчүн бүтүрүүчү курстун студенттеринен төмөнкүлөр талап кылынат:

  1. Синопсис – 4 тилде;
  2. Адабий сценарий – кыргызча же түркчө;
  3. Режиссердук сценарий – кыргызча же түркчө;
  4. Календардык план – кыргызча же түркчө;
  5. Трейлер – 40-90 секунд арасында;

Аталган документтерди жана трейлерлерди Асан Джанталиевдин электрондук почтасына 25-май саат 17:00гө чейин rahmatillauuluhayrulla@manas.edu.kg дарегине жөнөтүп, бөлмөсүнө келип кол коюп кетүү зарыл. Дипломдук иштерди алдын ала жактоо күнү аталган документтерди бир экземплярын чыгарып (бир папкага тиркеп), алып келиш керек. Керектүү документтерди убагында тапшырбаган студенттер жактоого алынбайт!

Баарыңарга ийгилик каалайбыз!

 

Радио, телеберүү жана кино бөлүмү