2022-05-30


Коомго кызмат иш чарасы


2021-жылдын ноябрь айында майында Кара-балта шаарындагы Аялдардардын психоневрологиялык интернатында жашаган аялдар үчүн жылуу кийимдерди топтоп жеткирүү демилгеси көтөрүлгөн. Кийим-кечени топтоо үчүн Коммуникация факультетинин 1-катында куту орнотулуп, афиша илинген. Жаплы мессенджерлер аркылуу билдирүү таратылган. Кыш айлары боюнча кийим-кече топтоо иши улантылган. Бул акция үчүн топтолгон кийим-кечелер 2022-жылдын 20-майында Кара-балта шаарындагы Аялдардардын психоневрологиялык интернатына Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн өкүлдөрү Стамбулбек Мамбеталиев, Марат Эргешов жана Жамийла Абдымаликова тарабынан жеткирилип, демилге жыйынтыкталды.

Салымын кошкон ар бир адамга ыраазычылык билдиребиз!