2022-05-30


Радио, ТВ жана киноикусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Наргиза Маматкулова “Кыргыз киносунун отличниги” төш белгиси менен сыйланды


2022-жылдын 26-27-28 май күндөрү Бишкекте “Кыргызстан Айым Режиссерлорунун кинофоруму” өттү. Аты аталган кинофорумга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн ага окутуучусу, режиссер Наргиза Маматкулова “Шыбырашкан таштар” аттуу даректүү тасмасы менен катышты. Иш чаранын аягында Наргиза Маматкулова Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты  министрлигине караштуу Кинематография департаментинен  “Кыргыз киносунун отличниги” төш белгиси менен сыйланды. Төш белгини Кинематография департаментинин директору Муктаалы Бектеналиев тапшырды.

Радио, ТВ жана киноикусство бөлүмү Наргиза Маматкулованы куттуктайт жана дагы дагы чоң долбоорлорду ишке ашырышына тилектеш.