2022-06-21


Эл аралык Туризм кино фестивалында Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн студенти ийгиликтүү кайтты


2022-жылдын 14-17-июнда Түркиянын Газиантеп шаарында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен VII Эл аралык туризм кино фестивалы  болуп өттү. Улуттук фильм категориясы боюнча Кыргызстандын атынан  Айымкүл Темирбек кызы Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн башчысы доц.Молдосейит Мамбетакуновдун кураторлоругу астында жаратылган “Мурас” аталышындагы даректүү тасмасы менен катышып “Күмүш” байгеге ээ болду.  

Куттуктоолор!