2022-10-24


7. Түрк дүйнөсүнүн даректүү фильм фестивалында жеңүүчү деп аталган даректүү фильмдердин Кыргызстандагы премьерасы.


2022-жылдын 20-21 октябрь күндөрү Коммуникация факультетинин Кинозалында RTS 1-2-3-4-курсунун студенттерине 7. Түрк дүйнөсүнүн даректүү фильм фестивалында жеңүүчү деп аталган даректүү фильмдердин Кыргызстандагы премьерасы болуп тасмалар көрсөтүлдү.

Алгач Түрк дүйнөсү журналистер федерациясынын жана Түрк дүйнөсүнүн даректүү фильм фестивалынын директору Мендерес Демирдин, Түркиянын Кыргызстандагы атайын ыйгарымдуу элчиси Ахмет Садык Догандын, КТМУнун жетекчилери жана атайы чакырылган кононктордун катышуусунда «9 өлкө, 9 шаар 1 фестиваль»  ураанынын алдында өткөрүлгөн фестивалдын жеңичүүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болду.

7. Түрк дүйнөсүнүн даректүү фильм фестивалында студенттер категориясында баш байгени жеңип алган Коммуникация факультетинин Радио ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн быйылкы бүтүрүүчүсү Шайыр Бакытбековага фестивальдын баш байге сыйлыгы, ошондой эле бөлүмүбүздүн дагы бир бүтүрүүчүсү Айымкүл Темирбек кызына 7. Түрк дүйнөсүнүн даректүү фильм фестивалынын калыстардын атайын призи тапшырылды.