2022-10-25


RTS.4 студенттери үчүн дипломдук иш темалары б-ча кеңешме өткөрүлдү


2022-жылдын 17-октябрь күнү Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн 4-курс студенттери менен бөлүмдүн окутуучулары чогулуп дипломдук иш темалары б-ча кеңешме өткөрүлдү. Коммуникация факультетинин кино залында бүтүрүүчү курстун студенттери дипломдук иш катары пландаган долбоорлорунун презентациясын жасашты. Иштин жүрүшүндө окутуучулар студенттердин долбоорлору боюнча суроолорун узатып, керектүү кеп кеңешин беришти.