2022-11-02


Келечектин журналисттери конкурсунан үч сыйлык


Түркияда ѳткѳн Түркия радио жана телекөрсөтүү корпорациясы (TRT) тарабынан 8-ирет ѳткѳрүлгѳн «Келечектин журналисттери» сынагына КТМУнун коммуникация факультетинин студенттери катышып, жеңишке жетишти.

Амантай Шакировдун «Курманбек» тасмасы «анимациялык тасмалар» категориясында биринчиликти багындырды. Андан тышкары, сынакка дагы эки студент катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.  Алар Сезим Акинованын “Ата мурасы” даректүү тасмасы 2-орунга жана Акак Бердибекованын “Жаңы кадам” кыска метраждуу тасмасы 2-орунга татыктуу болду.

Сынак 4 негизги категорияда жана 13 подкатегорияда өткѳн. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө журналистика, сүрөт, тасма тартуу сыяктуу жааттарында билим алып, иштеп жүргөн жаш таланттар катышат. Быйыл конкурска 115 ЖОЖдон 2213 студент катышкан.

 

Кабарга шилтеме: http://mediamanas.kg/lang-ky/4590-gelecein-letiimcileri-manasta-yetiiyor.html