2022-12-08


CABAR.asia мектебинен «Медиада изилдөө ыкмалары» семинары


7-декабрда Коммуникация факультетинде CABAR.asia мектебинин адиси Жазгуль Ибраимова тарабынан «Медиада изилдөө ыкмалары» аттуу темада семинар өткөрүлдү. Бул семинарда Радио, Теле жана Кино бөлүмүнүн 4-курсунун студенттерине айтылган тема акыркы кездеги жаңы изилдөөлөрдүн мисалында, жеткиликтүү жана кызыктуу мисалдар аркылуу кеңири түшүндүрүлүп берилди. Студенттер бир гана изилдөө ыкмасы тууралуу эле эмес, ал изилдөөнү бүткөндөн кийин шөкөттөп аудиторияга кызыктуу кылып сунуу жолдору жөнүндө да кенен маалымат алышты.