2022-12-13


“Стереотипсиз жашоо” темасын телерепортажда чагылдыруу


“Стереотипсиз жашоо”  семинары 2022-жылдын 12-декабрда RTS- 3 бөлүмүнүн студенттери менен өткөрулдү. Семинарды Кыргызстандагы ПРООНдун кызматкер-эксперти, журналист  Мээрим Бекешова өткөрдү. Ал  майыптар темасын телерепортажда чагылдыруунун айрым маселелерине токтолду. Ошондой эле мындай темадагы матералдарды даярдоо, тартуу жараяны тууралуу да айтып,  текст жазууда, майыптарды атоодо кандай аталыш сөздөрдү пайдалануу жагына да токтолуп, видоматералдардын жардамы менен көрсөтүп берүү менен бирге майып адамдар менен кандай иштөө керектигин, терминдерди кандай пайдалануу зарылдыгын да түшүндүрдү.