2022-11-18


"Спутникте" Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттери семинарга катышты


17-ноябрь күнү Россиядан келген тажрыйбалуу адистер Бишкектеги алдынкы ЖОЖдордун студенттерине радио алып баруучулардын ишинин сырлары тууралуу айтып беришти.

Мастер-класска КТМУ, КРСУ, КУУнун 30 дан ашуун студенттери катышты. Иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиялык маалымат борборунда болуп өттү.

Мастер-классты Sputnik радиосунун орус тилдүү уктуруусунун жетекчисинин орун басары Наталия Нерсесян менен Sputnik радиосунун алып баруучусу, баяндамачысы Евгений Майструк өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге эфирде иштөөнүн сырлары ачылды. Нерсесян эмне үчүн адамдар маалыматтык радиону угаарын түшүндүрүп, социалдык тармактардын доорунда радио алып баруучунун жаңы ролу жөнүндө айтып берди.

Ал эми Майструк болочок журналисттерге ар кандай теманы угармандарга кантип кызыктуу кылуу керектигин түшүндүрүп, радиодо өз күчүн сынап көргүсү келгендер учун өз кеңештери менен бөлүштү. 

Семинарга Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн 20 студенти катышты.