2022-12-29


Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмунүн 3-курсунда семинар


Семинар журналист эксперт, журналисттер биримдигинин мүчөсү Марат Токоевдин катышуусундагы семинар «Репортаж даярдоо» сабагынын алкагында 26-декабрь 2022-жылы болуп өттү.

Семинарда негизинен маалымат жанрынын бир түрү болгон репортаж тууралуу жана жалпы эле телерадиожурналистикасынын жаңы багыттары  жөнүндө маалымат берилди. Марат Токоев азыркы учурда: “Фактчек”- эмне экендигине токтолду, ал: фактчек- бул маалыматтарды текшерүү, ошол эле кезде өзүнчө жанр катары каралып жатканын айттып берди.  Дагы бир “Медиасын” жанрынын пайда болушуна, анын негизги максаты: сапаттуу журналистиканы начар журналистикадан, калпты чындан айрымалай алган белгилүү медиа аудиторияны калыптандыруу, тарбиялоо керектиги, кесиптик жогорку стандарттарды коргоо, жылдыруу жагдайына токтолду. Аыкрында медиасынынын жанрларын да санап өттү.