2023-02-17


«Кыргыз киносундагы монтаждын жаңы ыкмалары» темасында семинар


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин кинозалында 2023-жылдын 17-февраль күнү саат 13:30да ага окутуучу Марат Эргешов тарабынан «Кыргыз киносундагы монтаждын жаңы ыкмалары» аттуу семинары өткөрүлдү. Семинарда заманбап кыргыз киносундагы, тагыраак айтканда коммерциялык максатты көздөгөн жана көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынган комедия тасмаларында, жана ошону менен бирге эл аралык кинофестивалдарга катышуу же бийик искусство жаратуу максатында тартылган «автордук» же «артхаус» тасмаларында колдонулуп аткан монтаж түрлөрү, стилдери жана техникалары жөнүндө кенен айтылды. Биринчи багыттагы тасмалардан «Биртууганчик», «Чала спортик», «Күйөө жолдош», «Доске» жана «Бешбармак», экинчи агымдан болсо Марат Сарулунун «Көч», Садык Шер-Нияздын «Курманжан Датка», Таалай Кулмендеевдин «Мунабия», Артыкпай Сүйүндуковдун «Шамбала» тасмаларынан үзүндүлөр көрсөтүлүп, монтаждары талдоого алынды. Аталган семинарга элүүдөй студент катышып, аягында суроо-жооп жана талкуу болду.