2023-02-20


Режиссер Айбек Дайырбековдун “Эрмен жыты” көркөм тасмасы Манаста көрсөтүлдү


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин кинозалында 20-февраль 2022 саат 13:30”да кинорежиссер Айбек Дайырбековдун жаңы “Эрмен жыты” көркөм тасмасы көрсөтүлдү. Фильмден соң режиссер жана тасмага катышкан актерлор студенттер  менен баарлашышты. Мастер-класска режиссер менен бирге фильмде роль жараткан актерлор Жеңиш Сманов, Руслан Орозакунов жана Айдана Тыныбекова конок болушту. Иш чарага Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн 1, 2, 3, 4 курсунун студенттери катышышты. Фильмдин көргөн соң студенттер пикирлерин билдирүү менен бирге режиссер Айбек Дайырбековго жана фильмдин актерлоруна суроолорун узатышты. Студенттер фильмди кызыгуу менен кабыл алышканы алардын сценарийинен баштап фильмдеги айрым сахналарды тартуу техникаларга чейинки суроолорунан түшүнүктүү болду.