2023-03-07


“Кино тартууда айым режиссерлордун өзгөчөлүктөрү” темасында кинорежиссер Асель Жураеванын катышуусунда семинар


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин кинозалында 2023-жылдын 6-март күнү  саат 10:00до  “Кино тартууда айым режиссерлордун өзгөчөлүктөрү” темасында кинорежиссер Асель Жураеванын катышуусунда семинар болуп өттү. Аталган семинарда Асель Жураева өзүнүн жаңы “Кыргыздын кыраан кыздары” аттуу даректүү тасмасын көрсөттү. Семинарга Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн 1- жана 3-курсунун студенттери катышышты. Фильмди көргөн соң студенттер кино тартууда айым кинорежиссерлор кандай кыйынчылыктарга дуушар болоорун, айым кинорежиссерлор кандай өзгөчөлүктөрү менен айрымаланып тураарын авторго пикирлерин билдирүү менен бирге суроолорун узатышты. Студенттер фильмди кызыгуу менен кабыл алышты. Өзгөчө айымдарга жана жаш кыздарга мотивация бере турган тасма экенин жана бүгүнкү семинар алар үчүн да өтө пайдалуу болгонун белгилешти.