2023-03-30


“Үй сатылат” көркөм тасмасы Манаста көрсөтүлдү


2023-жылдын 30-март күнү саат 10:00 Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин кинозалында студенттерге КР Кинематографисттер Союзунун төрагасы,  кинорежиссер Таалай Кулмендеевдин жаңы “Үй сатылат” көркөм тасмасы көрсөтүлдү. Тасма көрсөтүлгөндөн кийин тасманы режиссеру Таалай Кулмендеев, баш ролдогу актриса Калипа Усенова, тасманын башкы оператору Болсунбек Таалайбек уулу студенттер менен суроо жооп ирээтинде маек курушту жана кино жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Тасманын жаратуучу тобунун мүчөлөрү студенттер менен Кыргызстанда тасма таруу жаатында абал, каржы маселелери, тасмалардагы заманбап темалар боюнча талкуулашты.