2023-10-03


«Коммуникация факультети, таанышуу жана багыт берүү» семинары


3 октябрь 2023 саат 13:30 Коммуникация факультетинин 1-курс студенттери үчүн «Коммуникация факультети, таанышуу жана багыт берүү» семинары өткөрүлдү. Семинар коммуникация факультетинин анфи-203 аудиториясында өттү. Иш чарага Журналистика, Коом менен байланыш жана реклама, Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн жалпы 93 студентти катышты. Бул семинардын максаты – 1 курска жаңы келген студенттерге Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин веб сайтындагы маалыматтар менен тааныштыруу, студенттердин укуктары жана милдеттери деталдуу түрдө берилген инструкциялар, сынактар ж.б. окуу тарбия процессиндеги маселелер боюнча багыт берүү жана маалымдоо. Иш чаранын жүрүшүндө университеттин веб сайты, андагы Коммуникация факультетинин, бөлүмдөрдүн баракчалары, китепкана, студенттик бөлүм, жоктомо системасы, орточо балл түшүнүгү ж.б. маселелер каралды.