2023-11-15


Кинорежиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде” көркөм фильми менен Коммуникация факультетинде


2023-жылдын 14-ноябрь күнү Коммуникация факультетинин Кинозалында Коммуникация факультетинин RTS 2-3 жана 4-курсунун студенттерине КРнын эл артисти, сценарист жана кинорежиссер Актан Арым Кубаттын “Эсимде” аттуу жаңы көркөм фильминин премьерасы болду. Фильм көрсөтүлгөндөн кийин чыгармачылык топтун мүчөлөрү фильмдин автору жана режиссеру Актан Арым Кубат, фильмдин продюсери Алтынай Койчуманова, коючу-оператор Талант Акынбеков, фильмдин башкы каармандары Мирлан Абдыкалыков жана Таалайкан Абазованын катышуусунда студенттерге арналган мастер класс өткөрүлдү.

Студенттер тарабынан авторго жана чыгармачылык топтун мүчөлөрүнө фильмге тиешелүү, актердук чеберчилик, продюсердик иш жана жалпы кинонун бүгүнкү күндөгү акыбалы туурасында суроолор берилип, дискуссия өтө кызыктуу жана жандуу өттү.