2024-10-23
Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган мамлекеттик тилди даңазалаган, нарк-насил, каада-салт, үрп-адат, улуттук баалуулуктар тематикасында тартылган видеороликтер сынагына 28 видеоролик катышып, киностудиянын алдында түзүлгөн атайын комиссиянын чечими менен жыйынтыктар чыгарылды.
Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери Назымбийке Абдыкериова, Бекмырза Советбеков, Айжаркын Абдылдаева, Ахмет Хакан Эрйылмаз жана Алишер Алибеков "Конок" аттуу видеоролиги менен бул конкурска катышып, 4 орунду ээлеп, сыйлоо баракчасына жана белектерге ээ болушту.
Бул иш чара жаш таланттардын Кыргыз тили жана маданиятын даңазалоо менен бирге, бул багытта коомдун маалыматтуулугун жогорулатууга салым кошот.