2025-04-03


Кинорежиссер жана актер Тынчтык Абылкасымовдун “ERROR 404” көркөм фильминин премьерасы жана чыгармачылык топтун катышуусунда мастер класс


2025-жылдын  3-апрель күнү Коммуникация факультетинин Кинозалында Коммуникация факультетинин RTS 3 жана 4-курсунун студенттерине кинорежиссер жана актер Тынчтык Абылкасымовдун “ERROR 404” аттуу жаңы көркөм фильминин көрсөтүлүшү болду. Фильм көрсөтүлгөндөн кийин чыгармачылык топтун мүчөлөрү фильмдин автору жана режиссеру Тынчтык Абылкасымов, фильмдин башкы каармандары Семетей Рыспаевдин катышуусунда студенттерге арналган мастер класс өткөрүлдү.

Студенттер тарабынан авторго жана чыгармачылык топтун мүчөлөрүнө фильмге тиешелүү, актердук чеберчилик, режиссердук иш жана жалпы кинонун бүгүнкү күндөгү акыбалы, фильмдин темасынын актуалдуулугу туурасында суроолор берилип, дискуссия өтө кызыктуу жана жандуу өттү.