2025-11-20


Кара Кызыл Сары” көркөм фильминин премьерасы жана чыгармачылык топтун катышуусунда мастер класс


2025-жылдын 17-ноябрь күнү Коммуникация факультетинин Кинозалында Коммуникация факультетинин RTS 1-2-3 жана 4-курсунун студенттерине КР эл артисти, сценарист жана кинорежиссер Актан Арым Кубаттын “Кара Кызыл Сары” аттуу жаңы көркөм фильминин премьерасы болду. Фильм көрсөтүлгөндөн кийин фильмдин автору жана режиссеру Актан Арым Кубат, коючу-сүрөтчү Орозбай Абсатаров, фильмдин башкы каармандары Мирлан Абдыкалыков жана Наргиза Маматкулованын катышуусунда студенттерге арналган мастер класс өткөрүлдү.

Студенттер тарабынан авторго жана чыгармачылык топтун мүчөлөрүнө фильмге тиешелүү, актердук чеберчилик, продюсердик иш жана жалпы кинонун бүгүнкү күндөгү акыбалы туурасында суроолор берилип, дискуссия өтө кызыктуу жана жандуу өттү.