2025-04-02
Бөлүмүбүз тарабынан уюштурулган «Заманбап кыргыз киносунда монтаждын түрлөрү жана өнүгүү тенденциялары» аттуу семинар 2025-жылдын 2-апрелинде Коммуникация факультетинин 203-анфисинде өткөрүлдү. Иш-чара окутуучу, PhD доктор Марат ЭРГЕШОВдун жетекчилиги алдында бөлүмүбүздүн 2- жана 3-курс студенттеринин катышуусунда уюштурулду.
Семинардын максаты студенттерге кыргыз киносундагы монтаждын стилдери, монтаж ыкмалары жана бул багыттагы заманбап өнүгүү тенденциялары тууралуу маалымат берүү, ошондой эле фильм талдоо жана монтажды анализдөө боюнча академиялык жана кесиптик аң-сезимин жогорулатуу болду.
Студенттердин активдүү катышуусунда өткөн семинар алардын кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга олуттуу салым кошту.