2025-01-23
Бөлүмүбүз тарабынан уюштурулган «Социалдык медиадагы кибербуллинг» аттуу семинар 2025-жылдын 23-январында Коммуникация факультетинин 203-анфисинде өткөрүлдү. Иш-чара доцент, PhD доктор Гөкче ЙОГУРТЧУнун жетекчилиги алдында Коммуникация факультетинин окутуучулары жана студенттери, башка факультеттердин студенттери, ошондой эле темага кызыккан академиялык жана административдик кызматкерлердин катышуусунда өттү.
Семинардын максаты – социалдык медиа платформаларында кездешкен кибербуллинг көрүнүштөрүнө карата маалымдуулукту жогорулатуу, студенттерди аң-сезимдүү кылуу жана санарип чөйрөдө коопсуз, этикалык жана сый-урматка негизделген байланыш маданиятын өнүктүрүүгө салым кошуу.
Иш-чара катышуучулардын суроо-жооптору жана пикир алмашуусу менен интерактивдүү форматта жыйынтыкталды.