2025-10-21
Бөлүмүбүз тарабынан уюштурулган «Экологиялык этика жана медианын жоопкерчилиги» аттуу семинар 2025-жылдын 21-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин Коммуникация факультетинде өткөрүлдү. Семинарды доцент, PhD доктор Гөкче ЙОГУРТЧУ өткөрүп, конок спикер катары профессор, PhD доктор Эсра Чаґры Мутлу иш-чарага салым кошту. Катышуучулар Коммуникация факультетинин студенттеринен түзүлдү.
Семинардын максаты – студенттерде экологиялык аң-сезим жана этикалык жоопкерчилик сезимин калыптандыруу, медианын экологиялык көйгөйлөрдү коомчулукка көрсөтүүдө аткарган ролун талкуулоо жана байланыш тармагында экологиялык багыттагы этикалык мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошуу болуп эсептелет.