2026-02-13
2026-жылдын 12-февраль күнү Коммуникация факультетинин Кинозалында Коммуникация факультетинин RTS 1-2- жана 3-курсунун студенттерине Жаш кинорежиссер Манас Халдаровдун “Ашыгым” аттуу жаңы көркөм фильминин премьерасы болду. Фильм көрсөтүлгөндөн кийин фильмдин продюсери Азиза Халбекова, сценарийдин автору Кайрат Мурзаким жана фильмдин башкы каарманы Мадалена Абдрахманованын катышуусунда студенттерге арналган мастер класс өткөрүлдү.
Студенттер тарабынан чыгармачылык топтун мүчөлөрүнө фильмге тиешелүү, актердук чеберчилик, продюсердик иш жана жалпы кинонун бүгүнкү күндөгү акыбалы туурасында суроолор берилип, дискуссия өтө кызыктуу жана жандуу өттү.

.jpeg)