2026-03-30
Коммуникация факультетинин Радио, ТВ жана кино бөлүмүндө 2026-жылдын 26-март күнү саат 10:00'дө "Сериалдар жана иденттүүлүктүн репрезентанциясы" темасында семинар өткөрүлдү.
Бул семинарда телесериалдардын иденттүлүктүн калыптанышына тийгизген таасири каралды. Сериалдардын үстөмдүк кылган идеологияны кайра өндүрүү, гендердик ролдорду бекемдөө жана көрүүчүлөрдүн кабылдоосун калыптандыруу күчү баса белгиленди. Аял жана эркек образдары, стереотиптер жана гегемония түшүнүгү мисалдар аркылуу талданды. Ошондой эле сериалдардын маданий, экономикалык жана идеологиялык курал катары кандайча иштей турганы талкууланды.
Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн алкагында өткөрүлгөн « Сериалдар жана иденттүүлүктүн репрезентанциясы» аттуу семинарда телесериалдардын коомдук түзүлүштү жана адамдардын идентүүлүктөрүy кантип калыптандырары каралды. Семинарда сериалдар жөн гана көңүл ачуу каражаты болбостон, үстөмдүк кылган идеологияларды кайра өндүрүп, кеңири аудиторияга жеткирген күчтүү медиа тексттер экени баса белгиленди. Ошондой эле популярдуу сериалдардын негизинде жүргүзүлгөн анализдер аркылуу каармандар жана баяндоо түзүмдөрү аркылуу коомдук баалуулуктар кандайча кайра өндүрүлөрү талкууланды.
Семинарда сериалдардын маданий керектөө адаттарынан тартып күнүмдүк жашоо практикаларына чейин көптөгөн тармактарда таасирдүү экени жана көрүүчүлөр бул мазмундар аркылуу белгилүү бир баалуулуктарды өздөштүрөрү айтылды. Катышуучулар медиа мазмундарды сынчыл көз караш менен баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.