2026-04-09
RTS бөлүмүнүн 2024 жылдагы бүтүрүүчүсү Алтынай Адамалиева дипломдук долбоору катары тарткан “Кыя” аттуу кыска метраждуу даректүү тасмасы менен Россияда өткөн X Арктика эл аралык "Алтын карга" кинофестивалына катышып, жыйынтыгында жюринин атайын сыйлыган ээ болду. Бул фестиваль Чукотка аймактык округунда бул жылы 10-жолу өттү. RTS бөлүмүнүн жамааты Алтынайды чын жүрөктөн куттуктап, алдыдагы дагы дагы албан ийгиликтерди каалайт.