2026-05-20


"Жасалма интеллекттин кинодо колдонулушу" семинары


22 апрель 2026 Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүндө өткөн «Жасалма интеллекттин кинодо колдонулушу» аттуу семинарда жасалма интеллекттин кинодо колдонулушу жана аткарылып жаткан иштер тууралуу тема каралды. Ошондой эле, кинодогу кайсы кесиптердин ордун жасалма интеллект ээлеп алгандыгы жана мындан ары жасалма интеллекттин кайсы багытта өнүгүшү күтүлүп жатканы талкууланды. Ага окутуучу, доктор PhD Марат Эргешовдун дүйнөлүк жана кыргыз киносундагы жасалма интеллекттин колдонулушу боюнча жасаган презентациясынан кийин студенттер суроолорун беришип, жооп алышты жана жыйынтыгында айрым жагдайларга тактоолор киргизилди. Жалпысынан кызыктуу атмосферада өткөн семинарда үлгү тасмалардан кыска үзүндүлөр көрсөтүлдү.