2026-06-09
2026-жылдын 7–12-июнь күндөрү Бишкек шаарында өтүп жаткан IV Бишкек эл аралык фильм фестивалы өз ишин улантууда. Фестивалдын алкагында ачык асман алдында кино көрсөтүү уюштурулуп, шаар тургундарына жаш кинорежиссёрлордун эмгектери тартууланууда. Бул жылы фестиваль коомчулукка дагы да жакындап, тасмаларды ачык мейкиндикте көрсөтүүсү менен өзгөчөлөнүүдө.
8-июнь күнү өткөн көрсөтүүдө Кыргыз-Түрк Манас университетинин Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү тарабынан тартылган тандалма фильмдер көрүүчүлөргө сунушталды. Фестивалда төмөнкү тасмалар көрсөтүлдү:
“Салт” - Жанузак Мамытов
“Ромео” - Тыныстан Темиржан уулу
“Элет үнү” - Асел Сыдыкова
“Жол” - Төлөмүш Жаныбеков
“Күүгүмдөгү коңгуроо” - Саадат Казакбаева
“Үмүт” - Сауле Мукамбетова
“Агым” - Сейитбек Макелеев
“Мунара” - Мээрим Талантбек кызы
Иш-чара жаш кинематографисттердин чыгармачылыгын кеңири аудиторияга таанытууга жана алардын эмгектерин коомчулукка жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

