2026-09-29
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 1-курс студенттерине багыт берүү иш-чараларынын алкагында Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн студенттери үчүн семинарлар уюштурулду. Иш-чара 2026-жылдын 25-сентябрында Коммуникация факультетинин 318-кабинетинде болуп өттү.
Семинардын негизги максаты — университеттин веб-сайтындагы маалыматтарды туура колдонуу, студенттердин укуктары жана милдеттери менен тааныштыруу, ошондой эле сынактар, жоктомо системасы жана орточо балл (GPA) сыяктуу окуу процессиндеги маанилүү маселелер боюнча толук маалымат берүү болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө веб-сайттагы сабактардын силлабустары, факультеттин мүмкүнчүлүктөрү, окуу жүргүзүлүүчү лабораториялар жана аудиториялар боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле студенттерди кызыктырган суроолорго жооптор берилип, ачык баарлашуу форматында өттү.
