2026-09-29
2026-жылдын 28-сентябрь күнү Коммуникация факультетинин Кинозалында Коммуникация факультетинин студенттерине сценарист жана кинорежиссер Таалайбек Кулмендеевдин “Жусуп” аттуу жаңы тарыхий көркөм фильминин премьерасы болду. Фильм көрсөтүлгөндөн кийин фильмдин автору жана режиссеру Таалайбек Кулмендеев, сценарийин жазган Бакыт Орунбеков, башкы ролду аткарган актерлер Ренат Төрөмамбетов жана Азат Ишенбаевдин катышуусунда студенттерге арналган мастер класс өткөрүлдү.
Студенттер тарабынан авторго жана чыгармачылык топтун мүчөлөрүнө фильмге тиешелүү тарыхий окуялар боюнча, актердук иш, продюсердик иш, тасманын бүгүнкү күндө коомчулук тарабынан кандай кабыл алынып жатканы тууралуу, кинонун бүгүнкү акыбалы туурасында суроолор берилип, дискуссия өтө кызыктуу жана жандуу өттү.