2026-10-02
Ошондой эле бөлүмдүн 2026-жылдагы бүтүрүүчүсү Айана Субанова дипломдук ишинин жетекчиси, ага окутуучу Стамбулбек Мамбеталиев менен биргеликте даярдаган «The Tree of Life» («Өмүр дарагы») аттуу кыска метраждуу даректүү тасмасы XXI «Won Together» эл аралык кинофестивалында «Атайын сыйлыкка» татыктуу болду. Фестиваль 2026-жылдын 14–24-сентябрь күндөрү Россиянын Сочи шаарында 21-жолу уюштурулду.
Бөлүмүбүздүн бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдук иштеринин эл аралык кинофестивалдарда жогору бааланып, ийгилик жаратышы — жаш кинематографисттердин чыгармачылык изденүүсүнүн жана кесиптик даярдыгынын маанилүү көрсөткүчү.
Радио, ТВ жана киноискусство бөлүмүнүн жамааты Гулиза Абдыкамилованы, Айана Субанованы жана алардын дипломдук иштеринин жетекчиси Стамбулбек Мамбеталиевди бул жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Жаш кинематографисттерибизге мындан аркы чыгармачылык жолунда жаңы идеяларды, эл аралык фестивалдарда дагы көптөгөн ийгиликтерди жана бийик жетишкендиктерди каалайбыз!
