2026-10-12


11-ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ДАРЕКТҮҮ ТАСМАЛАР ФЕСТИВАЛЫ АНКАРА ШААРЫНДА СЫЙЛЫКТАРДЫ ТАПШЫРУУ АЗЕМИ МЕНЕН АЯКТАДЫ


2026-жылдын 7-9-октябрь күндөрү Анкара шаарында Түрк дүйнөсүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген жаш киночуларга 11-Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар фестивалынын сыйлыктары өз ээлерине тапшырылды. Кечиөрэн мэриясы тарабынан уюштурулган гала жана сыйлыктарды тапшыруу аземинде толук метраждуу, кыска метраждуу, студенттик тасмалар жана жасалма интеллект категорияларында орун алган режиссёрлор сыйланышты.

Түрк дүйнөсүнүн журналисттер федерациясынын (TDGF) жетекчилиги астында уюштурулган фестивалдын алкагында, 2026-жылдын ийгиликтүү даректүү тасмалары Кечиөрэн мэриясынын Юнус Эмре маданият борборундагы салтанатта сыйлыктарга ээ болушту.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Кинематография башкы башкармалыгы, Түрк дүйнөсүнүн шаарлар ассоциациясы, ТҮРКСОЙ, ТИКА жана YTB уюмдарынын колдоосу, ошондой эле университеттердин, кесиптик уюмдардын, коомдук уюмдардын жана медиа бирикмелеринин өнөктөштүгү менен өткөн бул фестиваль Түрк дүйнөсүнүн ар кыл аймактарынан келген киночулардын башын бириктирди.

Студенттик тасмалар номинациясында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жаш таланттары өзгөчөлөндү:

Тасмалар Анкара Хажы Байрам Вели университетинде көрсөтүлдү:
Фестивалдын алкагындагы тасмалардын көрсөтүлүшү 8-9-октябрь күндөрү Анкара Хажы Байрам Вели университетинин Коммуникация факультетинде өттү. Түрк дүйнөсүнүн жети башка өлкөсүнөн келген катышуучуларды жолуктурган бул иш-чаралар жаш киночуларга өз эмгектерин таанытууга, ар башка кино маданияттарын ачууга жана тажрыйба бөлүшүүгө шарт түздү.

Ошондой эле фестивалдын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жаш киночуларынын жолугушуусу, воркшоптор (чеберчилик сабактары), панелдик талкуулар жана маектешүүлөр уюштурулду. Түрк тилдүү мамлекеттерден, автономиялуу түрк республикаларынан жана ар кандай түрк коомчулуктарынан келген жаш киночулар катышкан программада кинодолбоорлор, кинематография тажрыйбалары жана өлкөлөрдүн кино маданияты талкууланды.

Фестивалдын маанилүү катышуучулары:

Үч күнгө созулган программанын алкагында жаш киночулардын башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен таанышуусу, тажрыйба алмашуусу жана келечекте биргелешкен кинодолбоорлорду иштеп чыгуусу үчүн байланыш тармагын түзүү максатталды. Муну менен катар иш-чаранын алкагында чеберчилик сабактары, панелдик талкуулар, маектер, тасма көрсөтүүлөрү, маданий экскурсиялар жана студенттик жолугушуулар өткөрүлдү.