2019-02-26


"Кыргызстан" Коммерциялык Банкынан семинар


2019-жылдын 26-февралында "«Кыргызстан» Коммерциялык Банкы" ААКтын Тобокелдиктерди башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Рахат Алишерова «Финансы жана кредит» бөлүмүнүн жана факультетибиздин студенттерине жана профессордук-окутуучулук курамына банк секторунда тобокелдиктерди башкаруу боюнча семинар өткөрдү. Семинардын жүрүшүндө биздин факультеттин студенттери Кыргызстандын банктык мекемелериндеги тобокелдиктерди башкаруунун өзгөчөлүктөрү жана учурдагы абалы тууралуу маанилүү маалыматтарды алышты. Мындан тышкары, биздин кафедранын студенттери банктарда тобокелдиктерди тескөө боюнча олуттуу тажрыйбасы бар Алишеровадан тобокелдиктерди башкаруу тармагындагы карьералык мүмкүнчүлүктөр жана шарттар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.