2026-01-27


Финанс жана банк иши студенттери үчүн Python боюнча окуу


Экономика жана башкаруу факультетинин студенттери үчүн Ильяс Суванов тарабынан 5 күндүк акысыз Python боюнча окуу өткөрүлдү. Иш-чарага Финанс жана банк иши программасынын студенттери да активдүү катышты. Окуу кыргыз тилинде өтүп, анын жыйынтыгында катышуучуларга катышуу сертификаттары тапшырылды.

Окуунун жабылышында факультеттин декан милдетин аткаруучу проф. д-р Камалбек Карымшаков Ильяс Сувановго ыраазычылык билдирип, Ыраазычылык каты менен сыйлады.