2022-03-04


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан СЕМИНАР


2021-жылдын 12-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Экономика факультетинин студенттерине Кыргыз Республикасынын Борбордук банкынын Экономикалык изилдөө борборунун эксперти Чоро СЕЙИТОВ семинар өткөрдү. Семинарда «Борбордук банк жөнүндө жалпы маалымат» жана «Борбордук банк тарабынан жүргүзүлгөн экономикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы» кеңири түшүндүрүлдү. Мындан тышкары Борбордук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан «Жаш изилдөөчүлөр программасы» жана «Жаш эксперттер программасы» тууралуу маалымат берилип, каалоочулар бул программаларга катыша ала тургандыгы айтылды. Семинар Google Meet тиркемеси аркылуу онлайн режиминде өттү.