2025-06-17


«Кыргызстанда ишкерлердин Исламдык каржылоо тууралуу кабылдоосу жана Исламдык каржылоо инструменттерин колдонуу потенциалы» аттуу тегерек стол


2025-жылдын 10-июнунда кафедрабыздын окутуучулары тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстанда ишкерлердин Исламдык каржылоо тууралуу кабылдоосу жана Исламдык каржылоо инструменттерин колдонуу потенциалы» аттуу илимий долбоордун алкагында тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага Улуттук Банк, коммерциялык банктар, Микрокредиттик ассоциация, “Сарахси” эл аралык ислам каржылык изилдөө академиясы, Камсыздандыруу фонду, Гарантиялык фонд, жеке ишкерлер, ошондой эле башка жогорку окуу жайлардан келген адистер жана эксперттер катышты. Мындан сырткары, тегерек үстөлгө экономика программасынын магистранттары, докторанттары жана бүтүрүүчүлөрү да активдүү катышышты.

Жыйын учурунда теманын тегерегинде кызуу жана мазмундуу талкуу жүрүп, бир катар маанилүү сунуштар айтылды. Алардын ичинен өзгөчө көңүл бурууга татыктуусу — исламдык каржылоонун өнүгүшүндөгү негизги көйгөйлөрдүн бири катары кадр маселеси белгиленип, бул маселени чечүүдө окуу жайыбыздын Экономика жана башкаруу факультетинин алдында ислам экономикасы же исламдык каржылоо боюнча программа же адистешкен бөлүм ачуу сунушу айтылды. Бул демилге кадр даярдоону жолго коюуга чоң салым кошмокчу.

Жыйын жалпысы менен ийгиликтүү өтүп, катышуучулардын терең кызыгуусун жаратты. Мындан ары бул багыттагы түшүнүктөрдү тактоо жана тереңдетүү үчүн тилчилер, дин аалымдары жана башка тиешелүү адистер менен тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу зарылдыгы баса белгиленди.

Ошондой эле долбоордун кийинки этабы катары финансылык институттардын исламдык каржылоого болгон мамилесин жана кабылдоосун изилдөө зарылдыгы белгиленип, бул багытта илимий иштерди улантуу сунушталды.


 

РЕЗОЛЮЦИЯ

Тема: «Кыргызстанда ишкерлердин исламдык каржылоо тууралуу кабылдоосу жана исламдык каржылоо инструменттерин колдонуу потенциалы» илимий долбоорунун алкагындагы тегерек стол жыйынынын резолюциясы.

Өткөрүлгөн күнү: 10-июнь 2025-жыл

Орду: Кыргыз-Түрк Манас университети, Экономика жана башкаруу факультети, Экономика бөлүмү

 

1. Жалпы маалымат

2025-жылдын 10-июнунда Экономика жана башкаруу факультети Экономика бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан жүргүзүлгөн илимий-изилдөө долбоорунун алкагында тегерек стол жыйыны өтүп, анда Кыргызстанда исламдык каржылоонун учурдагы абалы жана келечеги кеңири талкууланды. Иш-чарага Улуттук Банк, коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар, камсыздандыруу жана кепилдик фонддору, жогорку окуу жайлардан адистер, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, жеке ишкерлер, илимпоздор жана магистрант, докторанттар катышты.

Тегерек столдун биринчи бөлүгүндө долбоордун жетекчиси, профессор, доктор Ибрахим Халил Сугөзү «Пайыздын мааниси, пайда болушу жана мыйзамдуулугу» деген темада баяндама жасады. Андан соң, долбоордун изилдөөчүсү, доцент, доктор Жунус Ганиев долбоор менен тааныштырып, долбоордун жыйынтыктарын баяндады. Долбоордун дагы бир изилдөөчүсү, доцент, доктор Айнура Турдалиева модераторлук кылган тегерек столдо баяндамалар бүткөн соң, катышуучулар сөз алып, долбоор тууралуу өз ойлорун жана исламдык каржылоонун келечеги боюнча маанилүү пикирлерин айтышты. Баяндамалардын абдан кызыктуу жана маанилүү болгонун белгилеген катышуучулар тарабынан айтылган негизги көйгөйлөр жана сунуштар төмөнкүдөй топторго бөлүштүрүлдү.

 

2. Негизги көйгөйлөр жана сунуштар

2.1. Кадр жетишсиздиги

2.2. Терминология жана маалымат берүү

2.3. Финансылык мекемелердин катышуусу жана мыйзамдык база

2.4. Коомдук кабылдоо

 

3. Чакыруу жана пландар

  1. Жогорку окуу жайлар: Исламдык каржылоо сабактарын экономика бөлүмдөрүнүн окутуу программаларына кошуу жана исламдык каржылоо багытында бакалавр жана магистратура программаларын түзүү.
  2. Финансылык мекемелер: Исламдык каржылоо кызматтарын өнүктүрүү жана ислам каржылоосун кабылдоо боюнча изилдөөлөргө катышуу.
  3. Долбоордун изилдөөчүлөрү: Долбоордун кийинки баскычында финансылык мекемелердин исламдык каржылоого болгон мамилесин жана кабылдоосун изилдөө.
  4. Адистер: Дин аалымдары, тилчилер, экономисттер, финансисттер жана башка адистердин ортосундагы тыгыз кызматташтыкты күчөтүү.
  5. Мамлекет: Исламдык каржылоонун мыйзамдык жана ченемдик-укуктук деңгээлде колдоого алынышы керек экени белгиленди. Исламдык каржылоого байланыштуу бардык изилдөөлөргө мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлүп, бюрократиялык колдоолор жана башка шыктандыруучу иш-чаралар жүргүзүлөөрү күтүлүүдө.

 

4. Жыйынтык

Тегерек стол чоң кызыгууну жаратып, баяндамалар жана катышуучулардын сын-пикирлери жана сунуштары менен абдан жемиштүү өттү. Сунуштар жалпысынан ишке ашса, Кыргызстандагы исламдык каржылоо тармагы жогорку деңгээлге көтөрүлүп, ишкерлер жана коомчулук үчүн өтө маанилүү жана альтернативдүү каржы булагы пайда болот. Жалпы пикир боюнча, калктын маалымдуулугу, тагыраак айтканда, билим берүү негизги маселе болуп саналат. Коомчулук туура диний билим алышы үчүн эң башта мамлекеттин колдоосу менен окуу жайларында ылайыктуу окуу планы түзүлүшү керек. Диний билимди туура жеткирүү өтө маанилүү болгону менен, ал жетишсиз. Өзгөчө университеттердин деңгээлинде Ислам экономикасы жана Ислам финансысы боюнча сабактарды кошуу жана Түркиядагыдай бул багыттарда бакалавр жана магистратура программаларын ачуу коомчулуктун маалымдуулугуна жана квалификациялуу жумуш орундарынын түзүлүшүнө чоң салым кошот. Өзгөчө муфтият жана жарандык коом уюмдарынын алкагында университеттер менен бирге исламдык каржылоо боюнча туура маалымат жеткирүү абдан маанилүү болуп саналат. Мындан тышкары, Улуттук банктан жана ислам принциптерине ылайык иш-аракет жүргүзгөн банктардан бул иш-чараларды натыйжалуу илгерилетүүгө салым кошуусу күтүлөт. Ошентип, аң-сезимдүү коомчулук менен бирге, жумуш менен камсыз кылуу инфраструктурасы күчтүү ислам каржы мекемелери элдин жана ишкерлердин муктаждыктарын туура багытта камсыздап, өлкөнүн өнүгүүсүнө маанилүү салым кошот.