2026-02-11
2026-жылдын 10-февралында ЭВФтин (IMF) Кыргызстандагы өкүлү Фарид Талишли тарабынан “Кыргыз Республикасында эмгек рыногунун көйгөйлөрү жана саясаттык реформалар” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарда Кыргызстандын эмгек рыногундагы учурдагы көйгөйлөр, иш менен камсыз кылуу түзүмү, миграция абалы кеңири талкууланды.
Суроо-жооп бөлүгүнүн аркасында студенттер теориялык билимдерин практикалык мисалдар менен бекемдеп, эл аралык экономикалык маселелерди адис менен түздөн-түз талкуулоо жана дүйнөлүк эмгек рынокторуна сынчыл көз караш калыптандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

