2026-04-07


Кичинекей жүрөктөргө чоң колдоо: бала үйүнө маанилүү зыярат


2026-жылдын 6-апрелинде бөлүмдүн окутуучулары социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында бала үйүнө маанилүү зыярат жасашты. Зыярат, өзгөчө 1–4 жаштагы балдар үчүн уюштурулуп, жылуу жана достук маанайда өттү.

Зыярат учурунда балдарга белектер берилди, алардын кубанычын бөлүшүп, бала үйүнүн муктаждыктарына аз да болсо колдоо көрсөтүлдү. Бул маанилүү иш-чара балдардын көӊүлүн жана мотивациясын жогорулатты. Бөлүмдүн окутуучулары ушундай социалдык жоопкерчилик долбоорлору улантыларын билдиришти. Зыяратта салым кошкон бардык окутуучуларга ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана мындай иш-чаралардын үзгүлтүксүз улануусун каалайбыз.