2026-07-03


Эл аралык олимпиада


2026-жылдын 15-майында Түркмөнстандын мамлекеттик экономика жана башкаруу институту тарабынан дүйнөлүк экономика сабагы боюнча жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында IV Ачык эл аралык интернет-олимпиада өткөрүлдү.

Эл аралык деңгээлдеги бул билим таймашында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери ийгиликтүү катышып, жогорку натыйжаларды көрсөтүштү. Олимпиаданын жыйынтыгында Экономика бөлүмүнүн студенттери төмөнкүдөй байгелүү орундарга ээ болушту:

* Айгерим Карыбаева – II орун;

* Адылбек Акжолов – III орун;

* Милана Токтоболотова – III орун.

Кафедрабыздын мугалимдери студенттерди бул маанилүү жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктайт жана аларды олимпиадага даярдоого чоң салым кошкон Экономика бөлүмүнүн окутуучулары, доцент, доктор Жунус Ганиевге жана доцент, доктор Дамира Байгонушовага терең ыраазычылык билдирет.

Студенттерибизге мындан аркы окууларында, илимий изилдөөлөрүндө жана эл аралык сынактарда жаңы ийгиликтерди, бийик жетишкендиктерди каалайбыз!