2025-11-24


2025-ж. 10-июнунда “Кыргызстанда ишкерлердин исламдык каржы боюнча кабылдоосу жана исламдык каржы инструменттерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрү” аттуу Workshop иш-чарасы өткөрүлдү


Экономика бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан жүргүзүлүп жаткан “Кыргызстандагы ишкерлердин исламдык каржы тууралуу кабылдоосу жана исламдык каржы инструменттерин колдонуу потенциалы” аттуу илимий долбоордун алкагында Workshop иш-чарасы өткөрүлдү. Жолугушууга Улуттук банк, коммерциялык банктар, Микрокредит ассоциациясы, Эл аралык Ислам каржы изилдөө академиясы “Сарахси” коомдук бирикмеси, Камсыздандыруу фонду, Кепилдик фонду, жеке ишкерлер жана башка университеттерден келген адистер катышты. Ошондой эле экономика программасынын магистранттары, PhD докторанттары жана бүтүрүүчүлөрү да иш-чарага катышышты.

Жолугушуу учурунда жигердүү жана натыйжалуу талкуу жүрүп, көптөгөн баалуу сунуштар айтылды. Эң башкы көйгөйлөрдүн бири катары квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги белгиленди. Мындан тышкары, долбоордун экинчи баскычында каржы институттарынын исламдык каржыга болгон мамилеси жана кабылдоосу да изилдениши керектиги баса көрсөтүлдү.