2025-12-16


2025-жылдын 8–12-декабрында Экономика факультетинин студенттерине «Python’дун негизги принциптери» аттуу курс уюштурулду


Сандык анализ жана маалыматтарды иштетүү тармактарында адис Ильяс Суванов Экономика жана башкаруу илимдери факультетинин студенттери үчүн Python программасын колдонууга арналган 5 күндүк акысыз окуу курсун өткөрдү. Окуу курсу кыргыз тилинде уюштурулуп, программанын соңунда катышуучуларга сертификат тапшырылды.

 

Бүгүнкү күндө Python маалыматтарды талдоо, жасалма интеллект, каржы, экономика жана академиялык изилдөөлөр сыяктуу көптөгөн тармактарда кеңири колдонулган негизги программалоо тили болуп саналат. Ушуга байланыштуу бул курс студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, маалыматтарга негизделген талдоо жүргүзүү жөндөмдөрүн арттырууга жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга олуттуу салым кошту. Бул алкакта уюштурулган окуу ИИФ студенттерине теориялык билимдерин практикада колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк түздү.

 

Окутууну аяктоо жыйынында факультетибиздин деканы профессор, доктор Камалбек Карымшаков ИИФ студенттери үчүн акысыз негизде уюштурулган бул баалуу курс үчүн Ильяс Сувановго ыраазычылык билдирип «Ыраазычылык баракчасын» тапшырды.