2025-12-30
Университетибиздин Экономика жана башкаруу факультетинин Менеджмент бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери үчүн 2025-жылдын 19-декабрь күнү практикалык сабактын алкагында Ulut Soft компаниясына зыярат уюштурулду. Бул зыяратта студенттер башкаруу жана уюштуруу боюнча компаниянын тажрыйбасы, иш-аракеттери менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Демилгени колдоого алган ишкананын негиздөөчү мүдүрү Окенов Мирбек мырзага терең ыраазычылык билдиребиз.
