2021-12-21
«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кызматташуусуна ылайык, ДемирБанк тарабынан 2017-жылы демилгеленген «Жетекчилерди окутуу программасы» (Management trainee program) 3 айлык мөөнөттө ишке ашырылат.
Аталган окуу программасына катышуу үчүн экономика жана башкаруу факультетинин акыркы курсунун студенттери 2021-жылдын 9-декабрында 3 этаптан турган тандоо процессинин биринчисине катышты.
Окуучуларыбызга ийгиликтерди каалайбыз.