2021-12-23


ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИБИЗ МЕНЕН ТААНЫШТЫ


Жогорку окуу жайлар арасында кызматташтык жана тажрыйба алмашуу алкагында Ош мамлекеттик университетинен келген делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин деканаты менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда факультетте ишке ашырылган окутуу процесси тууралуу сөз болду. Мындан тышкары факультетте ишке ашырылган окутуу процесси, сабактарды бөлүштүрүү, окутуу программаларын түзүү сыяктуу иш-чаралар тууралуу баяндалды.