2022-01-05


СТУДЕНТТЕРИБИЗГЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ ТАРАБЫНАН СЕМИНАР ѲТКѲРҮЛДҮ


 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий башкармалыгынын башчысы Эрмек Өмүралиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Эл аралык мамилелер бѳлүмүндѳ  болуп, кафедранын студенттерине семинар өткөрдү. Э. Өмүралиев өз сөзүндө студенттер көбүрөөк иштөө менен жакшыра аларын жана Тышкы иштер министрлигинин кадры болуу үчүн эмнелерди жасап, эмнеге көңүл бурушу керектигин айтты.