2022-01-10


«ГЛОБАЛДЫК КОНТЕКСТТЕ АМЕРИКА САЯСАТЫ» ДЕГЕН ТЕМАДАГЫ СЕМИНАР


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 2022-жылдын 6-январь күнү «Глобалдык контекстте Америка саясаты» деген темада семинар болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө, Американын Канзаc университетинин проф., доктору Джонатан Махони аталган семинардын темасынын алкагында баяндама жасады. Семинар Борбордук Азияны изилдөө борбору (ORASAM) жана Эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан даярдалган. Аталган семинар университеттин профессорлору, окутуучулары, магистранттары, аспиранттары жана докторанттарынын катышуусунда болуп өттү.