2022-04-18


ОРХУН АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН КЕЛГЕН КОНОК ОКУТУУЧУБУЗ СЕМИНАР ѲТКѲРДҮ


Орхун алмашуу программасы – Түрк кеӊешине мүчө өлкөлөр арасында жогорку билим берүү тармагында кызматташтык жүргүзүү максатында курулган “Түрк университеттер биримдигинин” негизинде студенттерге жана окутуучуларга алмашууга мүмкүнчүлүк берген  программа. Бул программа алкагында Хожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык Казак- Түрк университетинин окутуучусу PhD. Макпал Анламассова университетибизге келди.

Орусиянын тышкы саясаты жана жумшак күчү боюнча адис болгон PhD. Макпал Анламассова 2022-жылдын 8-апрелинде Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери үчүн “Россиянын тышкы саясаты” аттуу семинар өткөрдү.

Семинарда Орусиянын тышкы саясаты, анын жумшак күч куралдары жана учурдагы окуялар талкууланды.